Мирбек Атабеков: "Жубайым ойлобогон жерден жаңы унаалуу болду"

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун жубайы Мээрим Төлепбергенге "Hyundai" борбору 2020-жылы чыккан унаа тартуулады. Мирбек Атабеков күтүлбөгөн жерден жаңы унаалуу болуп калганын айтып, буларга токтолду.

"Ойлобогон жерден жубайым жаңы унаалуу болду. Мээрим экөөбүз бир жыл бою гив-оюн ойнотууну баштаганбыз. Анда 10 унаа (Хендай жана Рено үлгүлөрүндөгү), англия кварталынан батир, умра сапарына 7 жолдомо жана башка майда белектер ойнотулмак. Февраль айынын соңунда алгачкы унааны ойнотмокпуз. Мындан улам "Hyundai" борборуна барып унаа тандап жатканыбызда борбордун жетекчиси бизге сунуш жасады. Ал жубайым социалдык тармактын активдүү колдонуучусу экенин айтып, Түштүк кореялык компаниянын Кыргыз өлкөсүндөгү жүзү болууну сунуштады. Компаниянын Түштүк Кореядагы кеңсеси жубайымды бул кызматка ылайык көрүшүптүр. Келишим түзгөндө буга чейин айдап жүргөн, 2008-жылы чыккан Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаабызды тапшырдык. Компания Мээримге быйыл чыгарылган Хендай Санта Фе унаасын тартуулады.

Азыр жубайымдын унаасын талашып айдап жатам", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Baatirbek81
2020-01-15 15:47:11
Дөөтүңөр кут болсун!бирок бул рекламаңарга канча төлөдү болду экен?башка карапайым адамдар
Дагы оносо болмок бирок мүмкүнчүлүк болбойтко!(((
+13
Eden-Hazard
2020-01-15 16:01:46
Кут болсун
+13
kirgizstan
2020-01-15 16:40:24
Жакшы жакшы эн биринчи кут болсун анан ак жолтой болсун ошо
+7
Krai
2020-01-15 18:01:38
Жанагы эле байыгандар байып атышат эптеп эле ар нерсени шылтоолошуп
Лотерея сатып алышса деле сразу эле приз чыгат
Карапйым эл башы менен жер чукуса да иши он келбейт
+21
Apyn8793
2020-01-15 18:24:59
Ошону учун кечке эле лоторея ойной бербей башты иштетип акча тапканды уйронгуло. Булар деле эмгек кылып башын иштетип акча таап атышат. Силер деле эмгек кылгыла да кичине.
+6
janym_balam
2020-01-15 21:03:54
Apyn8793,Артист болсок окшойт анда э? Же Инстаграмда жер өрттөп популярдуу болсокпу?
+5
Apyn8793
2020-01-16 14:19:19
janym_balam, созсуз эле артист болуунун кереги жок. Башты иштетип эмгек кылыш керек. Мен да ушундай болсом деп жата берсек анда болбойт жашоо. Мен да эмгек кылып, мандай терим менен иштеп эл арасында журом. Ушулардай болуш озубуздон болот баары.
Мен да сиз да жана баарыбыз эле эмгектенсек бизд деле ушулардай болобуз даже булардан отобуз. Так что жалкоолукту таштайлы да иштейли. Азыр техника онуккон заман так что шанс бар.
0
Mister-X
2020-01-15 23:35:31
Apyn8793,Мирбек эмгек кылган. А жубайы Мирбектин жубайы деген наамы учун эле алса керек.
Же кыздар мээнет кылып жылдыздардын жубайы болушу керекби?
+5
Sajakat14
2020-01-15 23:12:24
Кут болсун!
+1
rysik79
2020-01-15 23:38:42
Алган портеринерге карагандв тойота жакшыраак болчу эски болсо да
-1
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-01-15 23:49:45
Кандай эле ушулар кутуусуздон байый беришет блиииииин
+4
Abdizhapar
2020-01-16 00:20:09
Элди алдап банкрот кылгыла эми
+1
SHAHDAR
2020-01-16 09:17:15
Коментарийлерди окуп отуруп, кыргыздар кандай ичибиз тар!!!
Кыргыздын бир чыгаан жигитинин жакшылыгын короалбай жатабыз.
Мирбек мыкты талант, озу да адамкерчиликтуу жигит.
Буюрсун, дооту кут болсун, келинчегинин да боюнда бар окшойт-аман эсен коз жарып алсын.
А коро албагандар ичинер ачышса Кочкорго баргыла, ошол жакта Чон-Туз деген жер бар))))
0
souza.j
2020-01-16 09:49:21
Кореялыктар аялынды минбейт бекен машина беримиш болуп
-3
AizaMurzakmat
2020-01-16 09:59:56
Доотунор кут болсун! Аман эсен коз жарып алсын. Аллах насип кылса бары болот да.
+4
raikakyz
2020-01-16 11:45:35
Башкасынан дагы Мээримдин катар катар торогону жакты.Азамат кыз экен.Аман эсен коз жарып ал,доотунор кут болсун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан