Ысык-Көлдө чарчап калган 11 айлык наристенин чоң апасы арыз жазды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы ооруканада 11 айлык наристе чарчап калган. Кечээ, 14-январда наристенин чоң апасы арыз менен милицияга кайрылганын облустук милициядан билдиришти.

"10-январда дарыгерлерден бизге маалымат келип түшкөн. Анда 11 айлык наристенин денесинде көк ала тактар бар экени айтылган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, наристеге соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен ымыркайдын өлүмүнүн себеби айтылат", - дешти милициядан.

Ошондой эле облустук милиция кечээ наристенин чоң энеси "неберемдин өлүмүн кылдат текшерип бергиле" деп арыз менен кайрылганын, арыз реестрге катталып, териштирүү башталганын кошумчалайт.

Окуянын чоо-жайы:

Наристе 10-январдан 11-январга караган түнү саат 02:20да ооруканага келип түшкөн. Анын башында шишик жана денесинде анча-мынча көк ала тактар болгон. Эртеси Каракол шаарынан башка дарыгерлерди чакыртып, наристеге башка дары-дармектер берилген. Бирок ал түшкү саат 1де чарчап калган. Ал эми наристенин апасы Түркияга иштегени кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pchelka85
2020-01-15 10:11:19
Чон апа эми пайда болуптурбу???? Ушунчага жеткизбей кыйын экен бакпайт беле неберени!!!!! Молтурогон наристеде эмне куноо???? Эми туштон кийин келип алып "кылдат текшерип бергиле деп""'
+2
chake
2020-01-15 10:16:58
Чоң апасы акылдуу болсо өзу бакпайт беле каяктагыны былжырабай
+1
madina.87
2020-01-15 11:01:59
Өзү апасын иштегени жөнөткондөн кийин, небересин "кылдат"багып бербептир да.
+4
JaneEr
2020-01-15 13:43:47
Чон энеден да нысап кетти
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан