SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна ырчы Турдакун Ниязалиевдин "Асыл апам" клиби кошулду.
8-ЯНВАРДАН 15-ЯНВАРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Азат Раимбердиевдин "Карагым" чыгармасы эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунга - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" видеоклиби жайгашты.
8-орунду - Добрдын "Эр жигиттер" аталышындагы клиби ээледи.
7-орун - Кубаныч Баркалбасовдун "Айдайым" видеоклибине буюрду.
6-орунду - Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" клиби камсыздады.
5-орун - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" клибине буюрду.
4-орунга - Курал Чокоев менен Шерхан Абкуловдун "Кыздар, ай" чыгармасы жайгашты.
3-орунду - Айпери Кулбаеванын "Ата" видеоклиби багындырып, алдыңкы үчтүктөн орун алды.
2-орунду - Нурмат Садыровдун "Кайда кеттиң?" клиби ээледи.
1-орун - Султан Садыралиевдин "Ыраазымын сага" видеокомпозициясы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.