Бишкекте "Народный" дүкөнүн тоноого кирген шектүү кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-январь күнү саат 18:45 чамасында Асанбай кичи районундагы "Народный" дүкөнү тонолгону боюнча маалымат 102 кызматына келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам иликтөө тобу барып, дүкөндүн кызматкерлерин бет кап кийип, колуна тапанча кармаган жаран коркутуп, шыпка ок атып, 30 миң сом акчаны алып кеткенин аныктаган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам топ көп узабай кылмышка шектүү жаранды кармашкан. Ал 23 жаштагы Э.И. аттуу жаран болгон. Аны тергөө кызматына алып келип, текшерүүгө алышканда жанынан акча, 9 огу бар 16 калибрдүү тапанча, бет кап жана 2 бычак табылган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.