Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулу роль жараткан "Кыялкэштер" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү

15-январь күнү борбордогу кинотеатрлардын биринде Сүйүн Откеевдин кезектеги "Кыялкэштер" тасмасы жабык эшик артында көрсөтүлдү.

Режиссёр Сүйүн Откеев бул тасма төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун жаркын элесине арналарын баса белгилеп, фильм тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.

"Эмне себептен "Кыялкэштер" деп койдуңар? Кыялкечтер деген сөздүн туура жазылышын билбейсиңерби дегендер да болду. Кэш - бул акча, демек акчаны кыялданган кыялкечтер болгон үчүн тасма ушундай аталды. Ооба, фильм Акжолтой Канатбек уулунун жаркын элесине арналат. Анткени тартуу иштери учурунда ал кырсыктан каза болду. Аны менен аябай аз убакытка тааныш болдум. Бирок талантына баа бердим", - деди режиссёр.

Тасмада башкы каармандардын биринин образын чагылдырган теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова мени жаңы бир образда көрө аласыздар дейт.

"Каарманымдын аты Акак, кош бойлуу, аябай назик айым. Мени бул тасмада кадимки Айтбекова катары эмес такыр башка амплуада көрө аласыздар", - дейт ал.

Тасманын аталышы: "Кыялкэштер"

Режиссёру: Сүйүн Откеев

Сценарийин жазгандар: Насирдин Кудайбердиев, Сүйүн Откеев, Аят Бакаева

Оператору: Нуржигит Казакбеков

Жанры: Комедия

Ролдордо: Аскат Сулайманов, Асылбек Өзүбеков, Жаңылай Исакова, Динара Багышбаева, Назира Айтбекова, Мээрим Атантаева, Мадина Талипбек жана башкалар.

Тасманын сюжети тууралуу айтсак окуя балдар үйүндө чоңойгон беш курбу кыз жөнүндө. Кыздардын бири бир күнү табышмактуу бир аялга жолугуп калат. Ал аял өзүнүн сумкасын калтырып жок болуп кетет. Мына ушул убактан тарта кыздардын жашоосу болуп көрбөгөндөй өзгөрөт.

"Кыялкэштер" тасмасы 16-январдан тарта өлкөбүздүн бардык кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт.

"Кыялкэштер": Төкмө акын Акжолтой Канатбек уулунун акыркы ролу...
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан