Орусиялык "Голос" телешоусунун катышуучусу, ырчы Нуржигит Субанкулов жакында Кыргыз өлкөсүнө учуп келди. "Үйгө барганда 2 күн эс алып, анан чыгармачылыкка катуу киришем дедим эле. Буюрса, эс алдым, эми жаңы ырларды жаздырам" деген Нуржигит SUPER.KG порталына пландары менен бөлүштү.
- Нуржигит, саламатсызбы? Сизди калың журт "Голос" телешоусунан кийин тааныды. Ага чейин деле чыгармачылыкта жүрдүңүз беле?
- Саламатчылык. Мен 2005-жылы экономикалык багытка окууга тапшыргам. 1-курстан баштап клуб, ресторандарда ырдап баштадым. Бирок анда келечекте экономист болом деп ойлочумун. 14 жылдай досторум ырдап чык десе да болбой, кафелердин бурчтарында жашырынып отура берчүмүн. Шоуго аралашайын деген ой болгон эмес. Ошентип акча таап жатам деп күнүмдүк жашоо менен жүрө бериптирмин.
- Анда "Голос" телешоусуна кантип чыгынып катышып калдыңыз?
- Ал жакка да 2 жылдай катышсамбы деп ойлонуп, чыгына албай жүрдүм. Быйыл акыры чечип, билдирүү калтыргам, кубантканы 1 айдан кийин долбоорго чакырышты. Ошол долбоор менен жарым жылдай Москвада жүрдүм.
- Ал жакта атактуу жылдыздар менен иштешип калдыңыз, эл сизди тааныды. Мындан ары чыгармачылыкты таштап койбойсузбу?
- Жок, өзүм деле мурун ырдап баштай берсем болмок экен деп өкүнүп жатам. Мени менен чогуу кафелерде ырдап баштаган досторум азыр Кыргыз өлкөсүндө жылдыз болуп калышты. "Голос" долбоорунан кийин, буюрса, жакшы пландар менен келдим. Москвада жүргөндө жаңы ырларды жаздырып койгом. Мындан ары эки өлкөгө иштейин деп жатам. Кыргыз өлкөсүндө менин чыгармачылыгымды, ырларымды эл түшүнөбү, жокпу, билбейм. Бирок өзүмдүн музыкамды элге сунуштай бермекчимин.
- Маегиңизге рахмат! Мындан аркы иштериңизге ийгилик!
Эске салсак, Нуржигит Субанкулов алгач Валерий Сюткиндин командасына алынып, "Нокауты" деген баскычында командадан четтетилгенде Константин Меладзе сактап, командасына алган. Тилекке каршы, финалдык жарышта СМС аркылуу аз добуш алып, телешоудон четтетилген.