Бүгүн, 15-январда Кыргыз мамлекети менен Тажикстан чектешкен аймакта жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, күчү 4 баллга жеткен жер титирөө саат 15:19да болду. Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4 балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.