Ырчы Аваз Акимов менен Айдана Дека кыздуу болушту. Бул тууралуу ырчылардын санаалаштары социалдык тармактагы баракчаларына жазышты.
Айдана Дека Инстаграмдагы баракчасына саат 00:00дө көз жарганын жарыялады. Ал кызынын салмагы 3 килограмм 330 грамм, бою 51 сантиметр экенин жазды.
Буга чейин Айдана Дека курбусу менен УЗИге барган. Наристенин уул же кыз болорун курбусу гана билмек болгон. УЗИге тарткан адис наристенин ким болорун ырчынын курбусуна айткан. Айдана Деканын курбусу шариктердин биринин ичине наристенин ким экенин билдирген кагаз салып, кечинде түгөйлөргө сюрприз жасаган.
Түгөйлөр былтыр март айында баш кошушкан.