Бүгүн, 16-январь күнү түнкү саат 00:00дө Аваз Акимов менен Айдана Дека кыздуу болушту. Жаңы гана ата статусуна ээ болгон Аваз Акимов SUPER.KG порталына сезимдери менен бөлүштү.
"Кечээ күндүз саат 11лерде Айдананын толгоосу башталып, Бишкектеги төрөтканалардын бирине барганбыз. Башында төрөткө катышкандан коркуп, чыгып кеттим. Эшикке чыгып алып кайра ойлонуп, өзүмдүн кызым төрөлүп жатса, кантип мен кирбей коём деп кайра кирдим. Төрөттүн башынан аягына чейин келинчегимдин жанында болдум.
Буга чейин деле аялзатын кадырлап, баалаганды билчүмүн. Айдананын төрөтүнө катышкандан кийин аялзатына ого бетер сыйым артты.
Күчүгүм (ред. кызын эркелетип) мага куюп койгондой окшош. Салмагы 3 килограмм 330 грамм, бою 51 сантиметр болуп төрөлдү. Азырынча бир ысымга так токтоло элекпиз. Ата-энем менен кеңешип, анан коёбуз. Учурда Айдана менен кызыбыздын абалы жакшы", - дейт кубанган Аваз.