Ноокатта мал уурулардын тобу кармалды. Алар 30 баш жылкы, 56 баш бодо мал уурдаган деп шектелишүүдө

Ош облусунун Ноокат районунда уюшулган мал уурулардын тобу кармалды. Алар райондун аймагынан 30 баш жылкы, 56 баш бодо мал уурдаган деп шектелишүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр жылкыларды жайыттан мылтык менен атып, союп терисин сыйрып, этин алып кетип жүрүшкөн. Ал эми ийри мүйүздүү малдарды түн ичинде жайыттан айдап келип, унаага жүктөп алып кетип касапчы аркылуу союп, сатып жүрүшкөн. Аталган кылмыш иши боюнча ыкчам иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү 4 жаран кармалган. Алардын үйлөрүн тинтүү учурунда 3 даана эт чабуучу, малдарды байлаган жиптер алынган.

Учурда уурдалган 30 баш жылкынын ичинен 5 баш жылкынын ээлери табылып, калган 25 баш жылкынын, 23 баш ири мүйүздүү малдын ээлерин аныктоо максатында иш-чаралар улантылууда. Кылмышка шектүүлөр Ноокат РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы 14-январда каралып, Ноокат райондук соту тарабынан 30 жаштагы А. уулу Б. менен 31 жаштагы С. уулу Б. 2 айга, 42 жаштагы Б.И. менен 22 жаштагы М. уулу А. 1 айга камакка алынды.

"Урматтуу Ош облусунун жашоочулары, жайыттан мал жоготуп, өз алдынча издеп убакыт өткөрүү - кылмыштын изи сууй электе бетинин ачылуусун кечеңдетет. Ошондуктан жоголгон малдар туурасында кечиктирбестен укук коргоо органдарына кайрылууңуздарды суранабыз. Мал жоготуп, бирок укук коргоо органдарына кайрылбаган жарандар болсо, төмөндөгү телефондорго кайрылууну суранабыз", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Байланыш телефону: 03222 6-65-22 0772 37 15 00.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
didu
2020-01-16 14:50:40
кайсы айылдан экен булар
+3
Adil18
2020-01-16 19:09:53
Буларды омур бою камаса дагы болот экен.
Элге жакшы эле зыян келтириптир.Оной тамакка уйронгон акмактар.
+1
-ali
2020-01-17 00:44:35
Урулардын бетин ачып койсоңор сураныч мен бир жылкы баласы менен жоготконмун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан