Сузак райондук ооруканасына күйөөсү сабап койгон келин кайрылды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы ооруканага күйөөсү сабап койгон аял кайрылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук ооруканасынан 13-январь күнү милицияга дарыгерден билдирүү келип түшкөн. Анда күйөөсү аялын уруп койгону айтылган. Келин ооруканага келип текшерилип, андан соң кетип калган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталган. Ошондой эле келинге соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Иш азыр көзөмөлдө. Экспертизанын жыйынтыгы менен бул ишке юридикалык баа берилип, чара көрүлөт", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Tolkun555
2020-01-16 15:52:49
Мине эркектердин кучу аялдарга эле жетип калганбы.
+3
JaneEr
2020-01-16 16:06:48
Олуп эле калдыго эркектер.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан