Казакстандын Ак-Төбө облусунда жол кырсыгынан 4 Кыргыз жараны каза болгонун казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 16-январь күнү саат 02:30 чамасында Самара-Шымкент жолунда болгон.
Анда LADA үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол тайгалакта унааны башкара албай калып, карама-каршы тилкеде келе жаткан унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен LADA унаасынын айдоочусу жана 3 жүргүнчү каза болгон.
Дагы бир жүргүнчү учурда ооруканада.