Москвада дайынсыз жоголгон Кыргыз жараны кылмышы үчүн СИЗОго киргизилгени аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2019-жылы декабрь айында Орусия Федерациясынын ИИМ өкүлчүлүгүнө 50 жаштагы Н.А. аттуу Чүй облусунун тургуну дайынсыз жоголгон 1998-жылы туулган А.С. аттуу кызын табышууга жардам сурап кайрылган. Аялдын айтымында, кызы акыркы жолу 2019-жылдын декабрь айынын орто ченинде байланышка чыгып, ошол боюнча кабары жок болуп кеткен. Андан сырткары, башка туугандары да кызды издеп кайрылышкан. Москва ОИИББинин аймактык бөлүмү жана Орусия Федерациясынын ИИМдин өкүлдөрүнүн иликтөөсүнүн жыйынтыгында, А.С. Орусия Федерациясынын Кылмыш жаза-кодексинин 158-беренеси (чоң өлчөмдө зыян келтирген уурулук) боюнча кылмышка тартылып, СИЗОго киргизилгени аныкталган. Ошондон кийин дайынсыз жоголгон А.С.ны издөө иштери токтотулган. Учурда туугандарына факты тууралуу маалымдалып, юридикалык кеңеш берилген", - деп жазылат билдирүүдө.