14-январь күнү Орусиянын Оренбург шаарынын М5-Урал (Самара-Оренбург) жолунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Самара-Оренбург жолунда бараткан Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, 8 Кыргыз жүргүнчүсү бар Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Кырсыктан бардык Кыргыз жарандары Бузулук ооруканасына жеткирилген жана жабырлануучулардын арасында каза болгондор жок. Окуя учурда элчиликтин көзөмөлүнө алынган", - деп билдиришти маалымат кызматынан.