Ырчы Максат Садырбеков жакында ата болот. "Күн сайын жубайымды көрүп бактылуу болуп жатам" дейт ал

Ырчы Максат Садырбеков жакында ата болот. Бул кабарды ырчы мырза SUPER.KG порталына ырастап, төмөнкүдөй маалымат берди.

"Кудай буюрса, жазында Айсулуу экөөбүз ата-эне болуу алдында турабыз. Перзентибиз уулбу-кызбы, билген жокмун. Айсулуу билсе да мага айтпа дегем. Перзентибиз төрөлгөндө бир жолу билгим келет. Албетте, кыз болобу, уулбу, айырмасы жок. Болгону дени сак бала төрөлсө болду. Адатта айымдар кош бойлуу болгон учурда мүнөзү бат өзгөрүп, түшүнүксүз болуп калат дешет го, Айсулуу андай болгон жок, көз тийбесин. Мурун кандай болсо, ошондой боюнча, жадакалса мурункудан да жадырап-жайнап ачылып кетти. Күн сайын жубайымды көрүп алып өзүмчө сүйүнүп, кубанычым коюнума батпай бактылуу болуп жүрөм. Мага ушул учур аябай жагып жатат", - деди Максат.

Белгилей кетсек, Максат менен сүйүктүүсү Айсулуу 9 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп, баш кошушкан. Алардын үйлөнүү тою 2019-жылы 6-июнда Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.

Ырчы Максат Садырбеков жакында ата болот
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurbany
2020-01-16 21:42:51
Аман эсен коз жарып алсын
+10
Apyn8793
2020-01-16 21:43:09
Бактылуу болгула!!! Келинчегин аман-эсен коз жарып алсын.
+9
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан