Бишкекте “Балдар биздин келечегибиз” урааны менен теннис мелдеши болот

25-29-август күндөрү Олимпиадалык резервдеги балдар жана өспүрүмдөр мектебинин теннис аянтчасында “Балдар биздин келечегибиз” аттуу теннис боюнча эл аралык мелдеш болот. Мелдеш жеке жана түгөй менен чыгуу катарлары боюнча жаш курактарына жараша 3 баскычта өтөт. 1-баскычта 13 жаштан ылдыйкы жаш курагындагылар, 2-баскычта 12-14 жаштагылар жана 3-баскычта 15-17 жаштагылар атаандашмакчы. Мындан сырткары аталган мелдешке бардык теннисти сүйүүчүлөр да катышса болот. Мелдештин жеңүүчүлөрү медаль, кубок, Ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан