Ошто цехте өрт чыгып, 6 тонна кездеме калдыктары күйдү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Катта-Терек айылында кездемелерди кайра иштеткен цехте өрт чыкты. ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришкендей, тилсиз жоо тууралуу маалымат кечээ, 16-январда келип түшкөн.

"Катта-Терек айылында жайгашкан кездемелердин калдыктарын кайра иштеп чыгаруучу цехте өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен цехтин 200 чарчы метр шыбы, 14 даана пластик терезе, 2 даана пластик эшик, 6 даана станок, 6 тонна кездеме калдыктары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда", - деп билдирет басма сөз кызматынын өкүлү.

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 3 бөлүм тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан