Кытайдын Нанкин шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия оюндарында кыргызстандык жеңил атлетчи Ксения Прокопьева финалга чыкты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады. Ксения 400 метр аралыкка чуркоо боюнча 3-орунга ээ болуп, финалга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Аталган аралыкты кыргызстандык спортчу 59,03 секундда басып өткөн. Мелдештин финалы бүгүн, 20-августта өтөт. Белгилей кетсек, жаштар арасындагы Азия оюндарына Кыргызстандан спорттун 6 түрү боюнча 14 спортчу катышып жатат.