Азимжан Аскаровдун иши Жогорку Сотто кайра каралат

2010-жылкы кандуу окуяларга тиешеси бар деп өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши Жогорку Сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Азимжан Аскаров боюнча иш Жогорку Сотко 13-январда келип түшкөн. Бирок соттук ишти кароо мөөнөтү белгилене элек. Качан болору белгисиз", - дешти аталган кызматтан.

Буга чейин Аскаров “Базар-Коргондо 2010-жылдагы массалык баш аламандыкты уюштурган” деген беренелер менен айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 30-июлунда Чүй облустук сотунда жаңы ачылган жагдайлар боюнча укук коргоочу Азимжан Аскаровдун кылмыш ишин кайра карап, мурунку өкүмдү күчүндө калтырган.

2016-жылы 31-мартта БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровдун ар-намысын басмырлаган мамилени, укуктук коргоонун жана калыс, адилет соттук териштирүүлөрдүн болбогондугун, ырайымсыз, адамгерчиликсиз, катаал кыйноолор колдонулгандыгы боюнча фактыны тастыктаган. Аталган комитет кыргыз бийлигин укук коргоочу Азимжан Аскаровду абактан токтоосуз бошотууга чакырган.

Кылмыш ишин караган Чүй облустук соту БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу 2017-жылдын 24-январындагы өкүмү менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун 2016-жылдын 15-сентябрындагы өкүмүнүн айыптоо беренелеринин бирин жарым-жартылай өзгөртүү менен күчүндө калтырган.

Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясында баш аламандык уюштурган делинип, өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал бул күнөөнү моюнуна албай келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Jaznura
2020-01-17 15:52:13
Азимжан Аскаровдун укугун коргогон адамдарга таң каласың.
+15
Absamat-90
2020-01-17 15:54:49
Аскаров элди болуп жарып канча чуу салды 2010-жылы. Ош коогаланынын уюштуруучуларынын бири чыккынчы жок жеринен омур боюга кесилген жок да. Милиция кызматкеринин башын кесип сууга агызган муну олум жазасына тартуу керек.
+13
chake
2020-01-17 15:55:47
бул акмак арам оюу менен ошту кыргыздардан басып алам деген да эми жооп берсин
+14
Absamat-90
2020-01-17 15:56:17
НПОчулар ушундай мыкаачыны колдогончо ошол каза болгон милициянын балдарынын абалын сурап койдунарбы? Мына НПОчулар кимдерди коргойт?
+10
Alimbek1000
2020-01-17 15:57:34
Азимжанга окшогон баш кесерлерге эркиндик берилбеши керек!
+14
Dembele84
2020-01-17 16:09:37
Акча сунуштап жатышабы,бир нерсе кылып чыгарып бергиле деп?Эмне эле Жан талашасынар мыкаачыга?
+11
Apyn8793
2020-01-17 16:41:02
Кайра омур бою кесип салгыла.
+11
Samatalibei
2020-01-17 16:51:07
Акмактар акчаны корсотуп койсо эле актай бересинерби!
+8
talaa11
2020-01-17 18:56:22
Ушунун жактоочусун кошуп омур бойу камап салгылачы ХХХХ
+6
Alia82
2020-01-17 19:37:27
АШАнын тушунда чыга албаган, эми коробуз да Сокенин тушунда эмне болот, чыкса Сокенин тушуп бараткан аброю дагы тушот
+8
bond0202
2020-01-17 20:25:54
Alia82,Соке бийликте турганда чыгам деп ойлобой эле койсун.бул бузукуну коргогон акыйкатчылар бар ошолор аракет кылып атышат акчасына кызыгып
-1
katerina.li
2020-01-17 20:12:39
Жаман адамдарды неге жактап турмодон чыгарганга аракет кыла беришет?? Же деньги не пахнут деп коюшабы??
+4
Kattaldym
2020-01-18 17:05:48
Эми ушуну актап же жазасын жеңилдетсе бийликтин акмак экенине даана ишенем. Бири Батукаевди бошотсо, мунусу бул баш кесээрди бошотсо. Аман эле болгула...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан