Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, 3 адам жаракат алды

Бишкекте эки жол тандабас сүзүшүп, 3 адам жаракат алды. Жол кырсыгы 14-январь күнү болжол менен саат 17:30 чамасында Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда Республикалык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү кабарлады.

"27 жаштагы А.А. Лексус 470 үлгүсүндөгү унааны Масалиев көчөсү менен чыгышты көздөй бара жатып, Тыналиев көчөсүнүн кесилишинен карама-каршы тилкедеги Тойота-Ленд Крузер менен сүзүшкөн. Тойота-Ленд Крузер унаасын 44 жаштагы Ч.Э. башкарып келе жаткан.

Кырсыктын кесепетинен Лексус 470 унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү жаракат алып, ооруканага кайрылышты", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Автокырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бардык чогултулган кагаздар Бишкек шаары боюнча тергөө кызматынын жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан