Чүйдө белгисиз аялдын жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришкендей, маркумдун жансыз денеси 5-январда аймактык оорукананын аймагынан табылган.
Кебетеси европалык болгон 55-60 жаш чамасындагы аялдын денесин кароо учурунда зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.
Өзгөчө белгилери: Чачтары ак, арык. Кийип жүргөн кийими - көгүлтүр түстөгү спорттук күрмө, боз түстөгү костюм жана кофта, кара түстөгү спорттук шым жана угги.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды таанып-билген болсо, Сокулук РИИБине маалымдоону милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0 (3132) 5-33-80 (нөөмөт бөлүм), 0 (312) 60-75-67, 0 (558) 861-486, 0 (709) 353-529.