Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 14 жаштагы кыз чана тээп жатканда даракты сүзүп каза болду. Жалал-Абад ОИИБинин маалымат катчысы кырсык кечээ, 17-январда саат 21:30да орун алганын айтат.
"Аксы районунун Кара-Суу айылында 2005-жылы туулган М.М. аттуу кыз чана тээп жатып, аны башкара албай тыттын дарагын сүзүп алган. Анын кесепетинен кыз жаракат алып, айылдык медициналык жайга бара жатканда каза болуп калган. Маркумдун жакындары соттук-медициналык экспертиза жасатуудан баш тартышты.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "кокустук" деп катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти маалымат кызматынан.