"Тамашоучу", актёр жана алып баруучу Азамат Исмаиловдун үйүндө наристе үнү жаңырды. Экинчи ирет ата макамын алган актёр уулдуу болгонун айтат.
"Жубайым Сымбат борбордогу төрөтканалардын биринде 18-январда көз жарды. Төрөт кандай болот деп кыжаалат болдум. Анткени биринчи уулумду төрөгөндө кыйналган. Бул жолкусу салыштырмалуу жеңил болду. Ар бир бала төрөлгөндө башкача сезимдер болуп турат экен. Уулубузга ысымды чоң ата, чоң энеси койсун дегенбиз, буюрса кечинде кеңешебиз", - дейт ал.

Азамат Исмаилов 2014-жылы күз айында Сымбат аттуу кызга баш кошуп, 2015-жылдын август айында уулдуу болушкан. Баласына Темирлан деген ысымды ыйгарышкан.