Ошто жана Нарында жер титирөө катталды

Өлкөнүн айрым аймактарында жер титирөө катталды. Табигый кырсыктан жабыркагандар жок дейт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн 19-январда саат 19:27де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Ат-Башы районунда 3 балл, Нарын шаарында 2,5 балл жана Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан