17-18-августта Токиодо өткөн “Шётокан каратэ-до интернейшнл” федерациясынын 33-чемпиондугунда кыргызстандык спортчу Иннокентий Ан күмүш медаль утту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Бул чемпиондукка федерациянын курамына кирген 800дөн ашык спортчу катышкан. Кыргызстандык спортчу төрт атаандашын жеңди.