Ырчы Сапар Эркебаев уулдуу болду

Ырчы Сапар Эркебаев уулдуу болду. Ырчы мырза үй-бүлөсүндөгү толуктоо тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.

"20-январга караган түнү саат 03:00 чамасында жубайым көз жарды. Уулубуздун салмагы 3 килограмм 400 грамм, бою 53 сантиметр. Учурда жубайымдын, уулумдун абалы жакшы. Азырынча бир ысымга токтоло элекпиз. Эне-баланы чыгарып алгандан кийин кеңешип, коёбуз", - дейт Сапар.

Эске салсак, 2000-жылдары "Атага кат" дуэти менен таанылган Сапар Эркебаев 2013-жылы Айгерим аттуу кызга баш кошуп, 1 уул, 1 кыздуу болушкан.

Ырчы Сапар Эркебаев жана актёр Азамат Исмаилов уулдуу болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kirgizstan
2020-01-20 13:40:19
Омурлуу ыймандуу ырыскысы кенен Ден соолугу чын чыгаан жигит болуп чонойсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан