Бүгүн, 20-январь күнү ырчы Аваз Акимов жубайы Айдана Дека менен кызын төрөтканадан алып чыгышты. Эне баланы чыгаруу үчүн Айдананын ата-энеси, "Дека дэнс" бий тобунун бийчилери, Аваздын кесиптештери, достору келишти.
"Кызыбыздын атын чоң атасы менен кеңешип, дүйнөлүк жылдыз Ариана Гранденин атынан Ариана деп койдук. Буюрса, келечекте апасы экөөбүз кызыбызга татыктуу ата-эне болгонго бардык аракетибизди жумшайбыз", - дейт кызын колуна алган Аваз.
Ал эми эне статусун алган Айдана Дека: "Учурда ден соолугум жакшы. Кудай буюруп, аман-эсен төрөп алдым. Башында түйүлдүк пайда болгондо эле менде энелик инстинкт пайда болгон. Кызым төрөлгөндө андан беш бетер кызыма болгон сүйүүм күчөдү", - дейт Айдана.