Юстиция министрлигинин Талас шаардык жана Талас району боюнча пробация органынын башкы адиси пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кызматкер өзүнүн кызматтык абалын пайдаланып, соттолуп, эркиндигинен ажыратылган адамдарга анча оор эмес кылмыш үчүн пробациялык билдирүүлөрдү даярдоодо туруктуу негизде акчалай сый акы алып турган. Кызматкер 2020-жылдын 18-январында ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө соттолгон М.З. аттуу жаранга карата пробациялык билдирүү даярдап, талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда кармалган. Кармалган Н.К. аттуу кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.