Ош шаарында түнү көчөгө ташталган 2 жаштагы наристенин апасы кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, наристенин 27 жаштагы энеси бүгүн, 20-январда кармалган.
"Эне алгачкы көрсөтмөсүндө наристесин таштаган эмес экенин айтууда. Ал мас болуп уктап калганда кызы басып кеткенин айткан. Ага бирге ичимдик ичкен достору ал изделип жатканын айтышкан, бирок ал кызын издеген эмес. Ал ошол убакыттан бери Кызыл-Кыя шаарында кээде Ош шаарында ичимдик ичип жүрө берген. Тергөөдө анын күйөөсү жок экени аныкталган. Учурда ал сурак берүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.
Буга чейин 29-декабрда түнкү саат 01:30 чамасында милиция кызматкерлерине "Тез жардам" кызматынан кебетеси европалык болгон 2 же 3 жаштагы кызды шаардагы көчөлөрдүн бирине белгисиз адамдар таштап кетишкени кабарланган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Милиция кызматкерлери кыздын ата-энесин издеп, наристе шаардагы реабилитациялык борбордо багылып жатканы айтылган.