Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМКга А.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Ала-Бука РИИБинин тергөөчү менен участкалык кызматкери кошуналар ортосундагы жаңжал фактысы боюнча ишти өндүрүштөн кыскартуу үчүн пара талап кылышканын билдирген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "опузалап пара талап кылуу" беренеси менен сотко чейинки өңдүрүшкө алынган.
18-январь күнү коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен ИИМдин ички иликтөө кызматы эки кызматкер 35 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Алар Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.