Сокулуктагы 3 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Дарыгер жабыркаган 7 адамдын абалын айтты

Чүйдүн Сокулук районунда Mercedes-Benz Sprinter менен Honda Accord унаалары сүзүшүп, 3 адам каза болуп, 7 адам жаракат алган. Жаракат алгандардын учурдагы абалын Сокулук райондук ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркагандардын экөө учурда жандандыруу бөлүмүндө ал эми калган 5 адам сынык бөлүмүнө жаткырылган.

"Жандандыруу бөлүмүнө 31 жаштагы К.А., 55 жаштагы Н.А. аттуу аял киши жаткырылган. Алар баш мээсинен жаракат алышкан. Ал эми сыныктар бөлүмүндө 5 адам жаткырылган. Жабыркагандардын арасында жаш балдар жок", - деп билдирди дарыгер.

Кырсык бүгүн, 21-январь күнү таңкы саат 06:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда болгон. Анда карама-каршы тилкеде келе жаткан эки унаа сүзүшкөн. Кырсыктан жеңил унаадагы 3 адам каза болуп, дагы эки жүргүнчү жаракат алышкан. Ал эми Mercedes-Benz Sprinter унаасынан 5 адам жабыркаган. Алар Сокулук райондук ооруканасына жаткырылган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан