Ош шаарынан Алтынбек Султанов аттуу тургун SUPER.KG порталына кайрылды. Анын айтымында, 2019-жылдын июнь айында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаасын ижарага берип, ал эми аны алган адамдар сатып жибергенин, бул окуяга милиция кызматкерлери реакция кылбай жатышканын айтат.
"Июнь айында Ош шаарындагы үй-бүлө мүчөлөрү унааны ижарага алышкан. Алар ижара акчасын дагы беришкен эмес. Алар унааны сатып жиберишкен. Биз июль айында Ош ШИИБине арыз менен кайрылганбыз. Алар издөө салдык, издеп жатабыз деп айтышкан. Бирок ошол убактан бери дагы деле алар кармала элек. Ал эми милиция кызматкерлери издеп жатышканын айтышууда. Биздин унааны алып кеткен жаран эки күндүн биринде жолдошума байланышат. Бирок ошол адамды милиция кызматкерлери таппай жатат. 2019-жылдын декабрь айында бул ишти тергөөчү жаап койгонун билдик. Биздин сурообузга эч ким жооп бербей, жоопкерчиликтен качып жатышат. Биз эмнеге иш жабылганын сиздер аркылуу билбесек, биздин күчүбүз жетпей калды", - дейт ал
Ал эми Ош ШИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков бул факты боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.