Орусияда 7 жарым жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргыз жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
2020-жылдын январь айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана Москва шаарынын Ички иштер министрлигинин аймактык тескөөчүлөрүнүн жардамы менен кылмыш иш-аракеттери үчүн өлкө аралык издөөдө жүргөн жарандын аты-жөнү такталып, жашаган жери аныкталган. Анда Чүй облусунун 1995-жылы туулган тургуну Б.Р. Ленин РИИБинде 131-берене "сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо" менен кылмыш ишинин негизинде издөөдө жүргөн.
"2012-жылдын сентябрь айында Б.Р. аттуу жаран мыйзамга каршы келүүчү иш жасаган, тергөө учурунда ага карай жаза өтөө чарасы жеке кепилдик менен тандалган. Тергөө иштери бүткөндөн кийин иш сот органдарына өткөрүлүп берилген, бирок кылмышкер жеке кепилдик шарттарын бузуу менен сот процессине келбей койгон. Ушундан улам Бишкек шаарына караштуу Ленин райондук соту 2013-жылдын июль айында алдын ала эскертүү чарасын өзгөртүп, издөөгө берген. Издөө учурунда издөөдө жүргөн жаран 2017-жылдын декабрь айында Орусиянын жарандык паспортун алганы белгилүү болгон. Азыркы учурда шектүү Орусия жарандыгын алгандыгынын чоо-жайы текшерилүүдө", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.