Нарын облусунун аймагында күчү 4 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунун аймагында күчү 4 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 19:10до Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 жарым баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын районунун Тегерек, Ылайлы-Суу, Ак-Кудук айылдарында 4 балл, Шоро, Ак-Талаа, Эмгек-Талаа, 8-март, Сары-Иймек, Лесхоз - 3,5 балл, Ак-Булак, Кара-Ой, Учкун, Достук, Миң-Булак - 3 балл жана Нарын шаарында - 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kyrgyz-aiym
2020-01-21 22:17:44
Аллах сактасын
+1
iryi1
2020-01-21 23:25:45
Жараткан Тенирим кырсыктан сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан