Токмокто аялын кызганып, 23 жаштагы жаранды сабап салган шектүү кармалды

Чүйдүн Токмок шаарында аялын кызганып, 23 жаштагы жаранды сабап салган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-январь күнү 23 жаштагы С.Х. аттуу жаран Токмок ШИИБине белгисиз жаран аны 3-январь күнү сабап, телефонун тартып алганын айтып арыз жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталган.

Ыкчам иликтөө тобу шектүү катары 28 жаштагы К.Д. аттуу жаранды кармашкан. Алгачкы тергөө ишинде шектүү аялын жабырлануучудан кызганып, бул ишке барганын айткан. Ал учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан