SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордун ырчы Айдана Деканын "Сезим менен" клиби толуктады. Репертуарымдагы клиптердин ичинен "Сезим менен" ыкчам тартылды деген ырчы буларды айтат.
"Чыгармага клипти бир күндө тарттык. Негизи буга чейинки клиптеримди тартуу учурунда аябай үшүчүмүн. Бул ирет студиянын ичинде тартып, үшүгөн жокмун. Клип кош бойлуу кезимде, тагыраагы, курсактагы кызыма 7 ай болгондо тартылды. Башында ичимди жашырбай эле тартылайын дегем. Карап көрсөм чыгармага дал келбейт экен. Мындан улам дээрлик жүзүмдү гана тарттык. Ал эми образым тууралуу айтсам, бул жолу стилисттер менен иштешип, басымды аксессуарларга жасадык. Буга чейинки клиптеримде бийге басым жасап келгем", - дейт ал.
15-ЯНВАРДАН 22-ЯНВАРГА ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
10-орун - Нурмат Садыровдун "Кайда кеттиң?" клиби эң аз добуш топтоп, сынактан четтетилди.
9-орунга - Кубаныч Баркалбасовдун "Айдайым" чыгармасы жайгашты.
8-орунду - Айпери Кулбаеванын "Ата" видеоклиби багындырды.
7-орун - Төлөгөн Мамыровдун "Жубайыма" видеоклибине буюрду.
6-орунду - Мурат Ниматовдун "Келинчегим бол" клиби камсыздады.
5-орун - Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Жөнөкөй жигит" чыгармасына буюрду.
4-орунду - Добрдын "Эр жигиттер" аталышындагы клиби ээледи.
3-орунду - Курал Чокоев менен Шерхан Абкуловдун "Кыздар, ай" чыгармасы багындырды.
2-орунду - Султан Садыралиевдин "Ыраазымын сага" видеокомпозициясы ээлеп, алдыңкы үчтүктөн орун алды.
1-орун - Турдакун Ниязалиевдин "Асыл апам" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.
Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.