Бишкекте өзүн "Ички иштер министрлигинде иштейм" деп тааныштырып, акча талап кылган жаран кармалды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
"Ушул жылдын 20-январында укук коргоо органдарына М.Ж. аттуу жаран жардам сурап кайрылган. Анда белгисиз жаран өзүн "милиция кызматкеримин" деп тааныштырып, Н.К. аттуу айым аны менен жыныстык катнашка барбаса, кылмыш жообуна тартарын айткан. Мындан тышкары, милиция кызматкеримин деген киши 60 миң сом талап кылганын айткан.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 203-берене (опузалап акча талап кылуу) менен катталды.
21-январда ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектеги кафелердин биринен 35 миң сом акча алып жаткан жеринен К. уулу У. шектүү катары кармалды. Аны текшерүү учурунда күрмөсүнөн "Коомдук көзөмөл" уюмунун кызматкери деген күбөлүк алынды.
Текшерүүгө ылайык, К. уулу У. ички иштер органдарынын кызматкери эмес экендиги аныкталды. Учурда шектүүнүн мындан башка дагы кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деди басма сөз кызматынын өкүлү.