Бүгүн, 22-январда Октябрь РИИБине шаар тургуну кайрылып, №3 балдар ооруканасынын дарыгеринин үстүнөн арыз жазды. Маалыматты аталган ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы билдирди.
"Арыздануучунун айтымында, №3 балдар ооруканасынын "Тез жардам" кызматынын дарыгери анын баласын кароо учурунда агрессивдүүлүгүн көрсөткөн. Дарыгер өз милдетин так аткарбай, денеме залал келтирген деп айтат арыздануучу.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 119-берене (майда бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылды.
Мындан тышкары, денеме залал келтирди дегени боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет", - деди маалымат кызматынын өкүлү.
Интернетке №3 балдар ооруканасында эненин дарыгерге атырылган видеосу тараган. Саламаттыкты сактоо министрлиги интернетке тараган окуя боюнча адилеттүү баа берүү үчүн дарыгер менен шаардык балдар клиникалык ооруканасына кайрылган пациенттин ишин карап чыгуу үчүн комиссия түзүлгөнүн кабарлады.