Ош шаарынын түштүк батышынан 27 чакырым алыстыкта жер силкинүү болду
26-ноябрдан 27-ноябрга караган түнү Кыргызстандын түштүк аймагында, тактап айтканда, Ош шаарынын түштүк батышынан 27 чакырым алыстыкта жер силкинүү болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады. Маалым болгондой, жер силкинүүнүн күчү 3,8 баллга жетти. Жабыркагандар болгон жок.