Жалал-Абад облусунда унаа уурдагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-январь күнү Жалал-Абад шаарынын тургуну С.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 18-январдан 19-январга караган түнү өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдындагы унаа токтотуучу жайга айдап жүргөн Хундай Аванте үлгүсүндөгү унаасын токтотуп койгон. Ал жерден белгисиз кылмышкерлер жашыруун түрдө унааны уурдап, айдап кетишкенин билдирген.
Ошондой эле дагы бир тургун 18-январдан 19-январга караган түнү саат 23:50 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына токтотуп койгон Дэу Тико үлгүсүндөгү унаасын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдирген. Бул фактылар боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Жогорудагы фактылар боюнча Жалал-Абад ОИИБинин жана Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматы жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокен районунун тургундары шектүү катары кармалышты. Алар 2002-жылы туулган Б.А. жана 2002-жылы туулган У.Э. аттуу жарандар.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.