Дайынсыз болуп изделип жаткан келин Москвадагы абактан табылды

Дайынсыз жоголуп изделип жаткан келин Москвадагы СИЗОдон табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын январь айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Кыргыз жарандары 1988-жылы туулган Ош облусунун тургуну А.Ж. аттуу жаранды табууга жардам сурап, телефон аркылуу кайрылышкан. Маалыматта келин акыркы жолу 2019-жылдын 21-декабрь күнү туугандары менен байланышка чыккан. Ошондой эле туугандары дагы жоголгон келинди WhatsApp аркылуу өз алдынча издөөгө аракет кылышкан.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана ИИМдин Москва шаары боюнча аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжасында келин 2019-жылдын 21-декабрь күнү полиция кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө убактысы аяктаганга чейин Москва шаарынын абагына камалганы аныкталган.

"Келин гипермаркеттердин биринен товар урдоого аракет кылган деп шектелип жаткан. Ага "тоноого аракет жасоо" белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда дайынсыз жоголду деп эсептелген аялдын туугандары жогорудагы факты боюнча маалымдар болуп, юридикалык кеңеш берилди", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaris93
2020-01-23 01:27:37
Бир жума мурунку жаңылык го мезгилден артта калыпсыңар супер
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан