Нарын шаарында дүкөндөрдүн биринен өрт чыкты

Нарын шаарында базардан өрт чыкты деген билдирүүсүн окурман редакциябызга маалымдады. Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышканыбызда, өрт базардан эмес дүкөндөрдүн биринен чыкканы белгилүү болду.

"Бүгүн, 23-январда Нарын шаарындагы Орозбаков көчөсүндөгү дүкөндөн өрт чыкты. Жерине аймактык кырдаалдар бөлүмүнөн 2 бөлүм тартылды. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан