Орусиянын Челябинск облусунда Кыргыз жарандарынын катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 22-январда орун алган кырсыктан 5 жаран каза болду.
Челябинск-Троицк трассасында КамАЗ жана Хонда Одисей үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын келип чыгуусуна аба ырайы себеп болгондугу айтылууда. Анда Хонда Одиссей унаасынын айдоочусу жолду көрбөй каршы тилкеге чыгып кеткен болушу мүмкүн.
Мамлекеттик номери Казакстанга таандык болгон КамАЗды 33 жаштагы жаран башкарып келе жаткан. Ал эч кандай жаракат алган эмес. Ал эми мамлекеттик номери Кыргыз өлкөсүнө таандык болгон Хонда Одиссей унаасында 5 жаран болгон.
Жол кырсыгы тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы каза болгон жарандардын аты-жөнүн тактоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
"Жеринде элчиликтин консулдук кызматкерлери, диаспора өкүлдөрү иштеп жатышат. Каза болгондордун паспорттогу маалыматтары такталып жатат, расмий билдирүү жасайбыз", - деп билдиришти маалымат кызматынан.