Баткен облусунун Бужум айылындагы №30630 аскер бөлүгүндө ефрейтор октон жаракат алды. Бул тууралуу Башкы штабдын маалымат кызматынан билдиришти.
"Келишимдик негизде аскер кызматын өтөп жаткан А.М. аттуу ефрейтор 22-январда кечки ок атуу практикасында жаракат алды. Калашников (АК-74) автоматынын огу анын оң колунун билегине тийген. Жабырлануучуга ошол жерден медициналык жардам көрсөтүлүп, аймактык ооруканага жеткирилди. Абалы канааттандырарлык.
Бул окуя боюнча кызматтык тергөө иштери дайындалды", - дешти маалымат кызматынан.