Ошто 21 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качкандар кармалды. Бул тууралуу 22-январда өткөн кылмыштуулукту алдын алуу боюнча бирдиктүү күнүндө белгилүү болгонун Ош ШИИБинин басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 21-январь күнү саат 17:40 чамасында шаардагы дүкөндөрдүн биринин алдынан орун алган.
"Ош шаарында убактылуу жашап жаткан 1998-жылы туулган кызды белгисиз жарандар ала качып кетишкен. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 23-январга караган түнү шектүүлөр (1998-жылы туулган Ош шаарынын 2 тургуну жана Мургаб районунун 1 тургуну) кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене (адамды никеге тургузуу максатында уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", - деп билдиришти маалымат кызматынан.