"Жээнимди алгач Караколдон алып келген балдар колу бутун байлап зордукташкан" дейт 16 жаштагы сойкулукка мажбурланган кыздын таежеси

Аты-жөнүн атагысы келбеген 16 жаштагы кыздын таежеси "жээнимди 12-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан бейтааныш 2 адам Бишкекке алып келип, андан соң күч колдонулуп, каалоосуна каршы притондо иштөөгө мажбурланган" деп билдирет. Анын айтымында, эки айдан бери шектүүлөр кармалбай келип, качан гана бул окуя коомчулукка тараганда гана шектүүлөр кармалганына нааразы. Ал Ленин РИИБинин башчысына эки жолу кирип, арыз менен кайрылган.

"Учурда жээнимдин абалы начар. Кечээ, 22-январда түнү менен РИИБде болуп, шектүү кыздар менен бетме-бет жолугуштук. Бирөөсү күнөөнү моюнга алып сабаганын айтса, экөө моюнга алган жок. Алар "бул кыз көчөдө жүрүп, бизге келгенине көп болду. Бизге эч кимим жок деп айткан. Ал телефон, акча уурдаган. Ошого карызын кутулуу үчүн иштеп жаткан", - деп бизди күйгүздү. Дагы жакшы, жээнимди ошол жерден өзүм куткарып чыгыпмын, болбосо булар көчөдөн келген кыз деп күнөөнү моюнга албай коюшмак экен.

Менин жээним Ак-Суу районунда окуп, картошка казып иштеп, апасы менен сиңдисине жардам берип келген. Ал башка жакка чыгып же бир жаман иштерди кылып көргөн кыз эмес. Мен бул окуя катталганга чейин эле алардын үйүнө барып келгем. Апасы да бир аз ооругандыктан, күнүмдүк оокатын картошка казып иштеп, жан баккан үй-бүлө.

Негизи бул жерде Каным деген аял бар. Анын күйөөсү жээнимди көбүрөөк сабаган. Мен милиция кызматкерлеринен Каным анын күйөөсүн жана Караколдон кызды алып келген эки эркек баланы кармап келип, камашын талап кылам. Себеби бул иштин башында ошолор турат. Кыздын денесинде зомбулуктун белгилери бар болчу. Андан бери көп убакыт өткөндүктөн, зомбулуктун издери тарап калды. Ал эми медициналык экспертиза деле көп нерселерди туура эмес чыгарды", - дейт кыздын таежеси.

Жабырлануучу өспүрүм аны Бишкекке алып келген кыз менен Ак-Суу районунан таанышкан.

"Ал кыз жээнимди туулган күнгө чакырымыш болуп, Каракол шаарындагы автобекеттен бир машинага салып кеткен. Ал ушундай жол менен Бишкекке келген. Андан соң аны сабап, камап, мажбурлап сойку катары иштете башташкан. Жээнимдин айтымында, аны алгач Караколдон алып келген эки бала буту, колун байлап зордукташкан. Ал ар бир келген кардарга ыйлап жардам сурачумун дейт. Кээ бирлери ага тийбечү экен. Бирок сен эмнеге ыйлайсын деп кайра аны сабачу экен. Жээнимди башка эле бир кызды издеп жүргөн балдар куткарганга жардам беришти. Алар беш-алтоо экен. Мындай жерлерге кардар болуп киришип, кызды издешиптир. Аларга да сиңдим кайрылып ыйлаганда, алар апасынын номерин алып сыртка чыгып байланышыптыр. Анан аталган жайга мен бардым. Барсам ал балдар жээнимди кайтарып турган экен, араң кирдик. Бир бөлмөнү ачсак 10дой кыз бар экен. Ошолордун арасынан менин жээним ыйлап чуркап чыкты. Биз милиция чакырдык эле, укук коргоо кызматкерлери келгенче баягы кыздар качып кетишти. Биз да таппай калдык. Биз жээнимди куткарып, анан бул чуу башталды", - деди ал.

Бүгүн, 23-январда Ленин райондук соту шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, аларды эки айга камакка алышты.

16 жашар өспүрүмдү сойкулукка мажбурлаганга шектелгендер 2 айга камакка алынды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Medina87
2020-01-24 00:01:57
А эмнеге ТАЭЖЕ бетин корсотпойт, а эмнеге терс караганча СУПЕРге СУПЕР МААЛЫМАТ бербейт жээнине жаны ачыса?
-22
Holboeva92
2020-01-24 00:57:57
Medina87, жээнин келечегин ойлосо керекда, эртен эле тааныгандар сен сойкусун деп чыгатта
+20
Aimani
2020-01-24 01:35:51
Medina87,А сен таежесинин ордунда болсон бетинди көрсөтөт белең бут Кыргызстанга.
+16
Medina87
2020-01-24 08:28:47
Aimani,
Кудай сактасын,сен Маган жооп жазып убара болбой эле койсон жакшы болмок.
-16
Arstan18.18
2020-01-24 20:08:13
Medina87,ажаан кем акыл десе!
+1
Avrora2017
2020-01-24 12:03:43
Aimani,Tuura kylat betin korsotpoi erten kunun oilop atatda,
+4
souza.j
2020-01-24 11:05:55
Medina87,далбаев
+6
Avrora2017
2020-01-24 23:06:48
souza.j,En Tuura joop
-1
arimaz89
2020-01-25 15:08:45
Medina87, Медина айым, ой жүгүртүүңөр укмуш го? "Күйбөгөн аял кошокчу" дечү эле, азыр эмне тескери болуп калганбы? Бетин эмне кылат элеңер, аракетине карап алкыш айтып койгон акылыңызга келген жокпу?
0
Ruslan-Gaparov
2020-01-24 01:27:42
Е кудай ушундайлардан саактайкор бардыгын эже карындаштары бар кыздары бар Эркектер биз сойкуларга барбасак ушундай кыздар жоок болот беле
+13
bema_bema
2020-01-24 03:26:17
Жузун корсотпогону туура эле бизде дагы колу менен сайып эртен сойкунун эжеси дешет. Мажбурлап алып келип иштеткендер бар эле болсун,алар подстава кылганды ото жакшы билишет. Омур боюга соттолушса экен.
+8
KG.Kushtarbek
2020-01-24 03:32:41
Зордуктаган балдардын аспабын кесиш керек тубунон
+9
Alia82
2020-01-24 09:17:24
Милиция дегендер бир акча учун гана иштеген акмактар болуп калышты го...
Балык башынан сасыйт,бизде даже нормальный иштей турган министир табылбаганы окундурот
+4
souza.j
2020-01-24 11:07:34
Милициянын ичинен чыса керек крышовать этип жатышкандар
+5
asad9
2020-01-24 13:56:31
Ош базарындагы сойкукананын баарын Ленинский РОВД Лениский рай Суд коргойт. Ошон учуе акча алып турушат бул баарына белгилуу. Биз дагы бир притонду жаап жашы жете элек кыздарды алып чыкканбыз. Эки жумадан кийин баягы жер кайра эле ишин уланткан
+4
erlan92
2020-01-24 19:09:41
Кыргызстанда закон джунгли
+1
assr
2020-01-24 21:22:41
Господи
0
AykaMer
2020-01-24 22:40:56
Тема жөнүндө кеп кылбай эмне эле бириңдин этин бириң жеп жатасыңар?!!!? )))).... Таежеси притондогу кыздарды качырбай биринчи милиция чакырып анан кирсе болмок экен. Баары кармалат эле
0
Aishiteru
2020-01-24 23:39:25
Кудай сактасын.
0
arimaz89
2020-01-25 15:05:42
Кызды куткарган мырзаларга алкыш! А күнөөлүүлөргө каргыш! Атууга кетирсе жакшы эле. Булар дагы канча адамды курутушат ким билет...

+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан