Ырчы Айпери Кулбаева учурда апасы жана бир тууган агасы менен умра сапарында жүрөт. Кичи ажылык 15 күнгө созулат деген ырчы буларга токтолду.
"Сауд Арабиясынын Мадина шаарында апам жана бир тууган агам менен зыярат кылып жүрөбүз. Бул жакка 22-январь күнү эртең менен келгенбиз. Учурда умрага чейинки иштерди жасап, жамаат менен ар кайсы мечиттерге барып 5 убак намаз окуп жатабыз. Буюрса, 25-январда умра сапарына чыгабыз.
Көп жылдан бери зыярат кылууну ниет кылып жүргөм. Агам кичине кезинен баштап араб тилин үйрөнүп, намазын калтырбай окуп келет. Атамды дагы алып келели дегенбиз, бирок ден соолугуна байланыштуу келе албай калды.
Буюрса, дагы көп жолу келебиз деп ниет кылып жатам", - деди ал.