Ош, Баткен облустарында кайрадан жер силкинди

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-январда саат 13:09да Тажикстандын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Баткен облусунун Баткен шаарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kyrgyz-aiym
2020-01-24 16:21:57
Аллахым сактасын
0
jalguzum
2020-01-24 22:30:43
Токтобой титиреп туруп калды. Жумушта обетке чыккан элек. Аллахым айтылбай келген кырсыктан сактасын.
0
aliya-leyla
2020-01-24 22:38:07
Кудай сактасын копко титиреп турду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан