Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында селсаяк таап алып, адамдар көрсүн деп автобекетке алып барган ымыркайдын энеси табыла элек. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка ылайык, издөө иштери жүрүүдө.
26-декабрда болжол менен саат 17:00 чамасында Кочкор-Ата шаарынын автобекетинин жанында жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси баштыкка салынган абалда табылган. Териштирүү иштеринде ымыркайды Кочкор-Ата шаарындагы көчөлөрдүн биринен алгач селсаяк таап алган. Андан соң аны автобекетке алып барып, адамдар көрсүн деген ойдо ымыркай табылган жерге таштаган.