Бишкекте айдоочунун жүрөк оорусу кармап, аялдамада турган 4 унааны сүзүп кетти. Андан 5 адам жабыркады

Бишкек шаарында Жибек Жолу көчөсүндө айдоочунун жүрөк оорусу кармап, аялдамада турган 4 унааны сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев тастыктады.

"Бүгүн, 26-январда болжол менен саат 15:30 чамасында Жибек Жолу көчөсүндө жол кырсыгы катталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, Тойота Эстима үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусунун жүрөк оорусу кармап, аялдамада турган 4 унааны сүзүп кетти. Андан 3 айдоочу жана 2 жүргүнчү жабыркады. Аларды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кетти", - деп билдирди Тилек Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Krai
2020-01-27 10:54:06
Ошондо тиги эстиманын айдоочусу жүрөгү кармап калган адам эмне болду экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан